Отунбаева: Азыркы бийлик «кара кутуну» ачпашы керек

Бишкек, 09.04.2021 Sokol.media

Экс-президент Роза Отунбаева Садыр Жапаровдун 2010-жылдагы июнь окуяларын кайрадан карап чыгууга каршы экенин билдирди. Анын айтымында, азыркы бийлик «кара кутуну» ачпашы керек.

«Бүгүн алар 2010-жылдагы июнь окуясы боюнча тергөө иштерин жандандырууну каалашат. Алар аны түшүнүп алышсын, карап көргүлө. Бизде дагы айтылбай калган сөздөр көп, эгер баары чыгып калса эмне болоорун карап көрөлү. Мен Жапаров менен Ташиевге «кара кутуну» ачпагыла деп кеңеш берет элем. Ошол кезде алар кыргыздарды геноцид жана согуш кылмышын жасады деп айыптай башташкан. Биз эл аралык комиссияны өлкөгө киргизип, тескерисинче далилдедик. Эмне үчүн аларды жоошутпаганын түшүнбөйм? Эмне үчүн алар коомду консолидациялоо үчүн иштешпейт. Өлкөдө билимсиз жаштар өсүп, социалдык теңсиздик күчөп, эл кризисти, коронавирусту баштан кечирүүдө. Эмне үчүн алар курч көйгөйлөрдү чечишпейт. Аларды эмне кууп келет. Ким кимден өч алгысы келет? Эгер бул ушул максаттар үчүн жасала турган болсо, анда бизде дагы айта турган жана көрсөте турган нерселер бар — деди экс предидент.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.