Үй-бүлөлүк дарыгерлердин эмгек акысы эки эсеге жогорулады

 

Бишкек, 09.04.2021 Sokol.media Бегимай Керимова

1-апрелден тарта үй-бүлөлүк дарыгерлердин жана жалпы практикалык дарыгерлердин эмгек акысы эки эсеге жогорулатылды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, Саламаттыкты сактоо тутумунун башка категориядагы кызматкерлери үчүн эмгек акысы 2021-жылдын 1-июлунан тарта – 50 пайызга, ал эми техникалык жана кенже тейлөө кызматкерлеринин айлык акысы 40 пайызга жогорулатылат.

«2021-жылдын 1-апрелинен тарта үй-бүлөлүк дарыгерлердин жана жалпы практикалык дарыгерлердин эмгек акысы эки эсеге жогорулатылды. Өкмөттүн аталган чечими президенттин «Кыргыз Республикасында саламаттыкты сактоо чөйрөсүн өнүктүрүү жана калкынын жашоосунун жана саламаттыгынын сапатын жакшыртуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» Жарлыгына ылайык, саламаттыкты сактоо тутумунун кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу жана өркүндөтүү максатында кабыл алынган», — деп жазылат маалыматта.

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *