Бишкекте 14 жашар бала электр болгаркасы менен моюнуна жаракат келтирип каза болгон

Бишкек, 09.04.2021 Sokol.media 

Бишкекте 14 жашар бала электр болгаркасы менен моюнуна жаракат келтирип каза болгон.  Бул тууралуу Ленин РИИБинин маалымат кызматынан билдиришкен

Билдирүүгө  ылайык, 6-апрель күнү милициянын нөөмөт бөлүмүнө Ак-Ордо-3 конушундагы жеке менчик үйлөрдүн биринде жашы жете элек бала өзүнө жаракат келтиргендиги тууралуу маалымат келип түшкөн.

«Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барышып маалыматты тактаганда, үйдүн ичинен 14 жашар баланын жансыз денеси табылган. Жансыз денеге кароо жүргүзгөндө бала электр болгаркасы менен моюнуна жаракат келтирип, жеринде каза болгону аныкталган. Ал 2007-жылы туулган С.С. аттуу бала болгон.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 136-берене «өзүн өлтүрүүгө жеткирүү» беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Бардык тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда», — деп айтылат маалыматта. 

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *