Башка күйөгө тийип кеттим деген келин кайненесине жеткирилди

Бишкек, 09.04.2021 Sokol.media Бегимай Керимова

Ысык-Көл облусунда жоголуп, күйөгө тийип кеттим деген келинди милиция кызматкерлери туруктуу жашаган жерине алып келишти. Бул тууралуу облустун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 7-апрелде Ысык-Көл РИИБге Кашат айылынын 53 жаштагы тургуну кайрылып, 23 жаштагы келини О.Б. ошол эле күнү саат 10:00 чамасында Балыкчы шаарына тиш доктурга кетип, ошол бойдон дайынсыз болгонун билдирген. Бул факт Ысык-Көл РИИБ тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, «Дайынсыз жоголуу» квалификациясы боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган.

Райондук милициянын ыкчам кызматкерлери тарабынан дайынсыз жоголгон 23 жаштагы О.Б. Жалал-Абад облусунан болгону аныкталган. Ошондой эле Ысык-Көл районунун Өрнөк айылынын четинде жайгашкан Свалка участкасында 27 жаштагы күйөөсү К.А. менен жашаганы, 7-апрелде күйөөсүнөн 1000 сом алып, Зарина аттуу досу менен Балыкчыга тиш доктурга барганы, андан кийин дайынсыз болгону такталган.

Андан аркы иликтөө жана издөө иш-чараларынын жүрүшүндө аталган келин Чүй облусунда жүргөнү аныкталып, бүгүн, 9-апрелде эртең менен О.Б. туруктуу жашаган жерине жеткирилди.

Учурда райондук милициянын тергөө кызматы сотко чейинки өндүрүштүн алкагында анын үйдөн чыгып кетишинин себептерин жана жагдайларын аныктоо боюнча тергөө иш-чараларын жүргүзүп жатат.

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *