ВИДЕО-Бишкек милиция башчысы Матмусаев Айзаданын өлүмү үчүн кечирим сурады

Бишкек, 08.04.2021 Sokol.media Бегимай Керимова

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Бакыт Матмусаев уурдалып, өлтүрүлгөн Айзада Канатбекованы милиция кызматкерлери убагында таба албаганы үчүн анын туугандарынан жана коомчулуктан кечирим сурады.

«Баарыбызда кыз бар. Менин да кабыргам кайышып турат. Айзаданы убагында таап, өлүмдүн алдын албаганыбыз үчүн кечирим сурайм», -деди Матмусаев.

5-апрелден бери дайынсыз болуп жаткан 27 жаштагы кыздын сөөгү 7-апрелде Бишкектин четиндеги Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаада автоунаадан табылган.

Шаардык милиция аны уурдоого шектүү 31 жаштагы жаран алгач кызды муунтуп өлтүрүп, андан кийин өзүнө бычак сайып жан кыйганын билдирди.

Баштапкы кабарларга ылайык, 27 жаштагы кызды Бишкектеги Тыныстанов менен Медеров көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз адамдар ала качышкан. Интернетке үч киши көчөдөн бир кызды күчтөп машинеге салып кеткени тартылган видео тараган. Тасма видеокөзөмөлгө жазылып калган. Кыз уурдалган учурда жолдо өтүп бараткан кишилер эч кандай реакция жасашкан эмес.

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *