Уурдалып каза болгон кыздын өлүмүнө шектүү мурда соттолгон деген маалымат бар

Бишкек, 08.04.2021 Sokol.media

Бишкекте уурдалып, кийин Чүй облусунан сөөгү табылган кызды өлтүрүүгө шектүү адам мурда Орусияда соттолуп чыккан деген маалымат бар. Бул тууралуу Бишкек шаардык криминалдык милициясынын башчысы Уланбек Айтпаев 8-апрелдеги брифингде билдирди.

«Шектүү Замирбек Теңизбаев Орусиядан 2017-жылы келген. Инисинин сөзү боюнча, ал Орусияда кылмышка соттолуп алты жарым жыл отуруп чыккан. Үй-бүлөлүү, эки баласы бар. Кыргызстанга келгенде такси айдап, батир жалдап жашап жүргөн. Бирок акыркы айларда да такси айдап, машиненин ичинде жашап-түнөп келген. Бул — туугандарынын айтымы. Маалымат текшерилип жатат», — деди Айтпаев.

Бишкек шаардык милициясынын жетекчилери учурда кылмыштын чоо-жай тууралыы журналисттерге басма сөз жыйын өткөрүп жатышат.

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *