Нариман айылында күйө бала кайнатасын 10 жолу бычак менен сайып өлтүргөн

Бишкек, 08.04.2021 Sokol.media

Кечээ, 7-апрелде Кара-Суу районунун Нариман айыл өкмөтүндө кайын атасын өлтүрүүгө шектелген күйөө бала кармалды. Бул тууралуу маалыматты Turmush басылмасына өздүк булактар билдирип, Ош ОИИБдин басма сөз кызматынан тастыктады

Маалыматка караганда, 7-апрелде саат 00:40 чамасында Кара-Суу РИИБге Нариман айыл өкмөтүнүн ВЛКСМ участкасынын жашоочулары — 44 жаштагы Ж.Р. менен анын 43 жаштагы жубайы Ж.Н. курч нерседен жаракат алып кайрылганы боюнча маалымат түшкөн. Маалыматтын негизинде Кара-Суу РИИБдин кызмткерлери окуя болгон жерге барган. Анын жүрүшүндө 6-апрелде саат 23:20 чамасында Р.Ж.нын үйүнө анын күйөө баласы, Ош шаарынын Он-Адыр аймагынын жашоочусу 30 жаштагы А.А. балдарын көрүү максатында келгени такталды. Бирок аны кайын атасы Р.Ж. үйгө киргизбей экөө уруша кетип, А.А. өзүнүн үйүнөн жубайы Ж.М.ны коркутуу үчүн алып келген бычагы менен кайын атасын арка тарабынын далысына 2 жолу, көкүрөк тарабына 3 жолу, сол колуна 3 жолу, мойнуна 1 жолу, ичине 1 жолу бычак менен сайып жиберген.

Ага катар эле ошол эле жерде аларды ажыратып жаткан кайын энеси Н.Ж.га да ич тушуна 2 жолу бычак менен сайган. Окуя болгон жерден бычактын сынган сабы, кандын үлгүлөрү алынган. Бычакталган кайын атасы Р.Ж. 7-апрелге караган түнү саат 04:30 чамасында ооруканада каза болгон. Бул факты Кара-Суу РИИБде Жазык кодексинин 130-беренесинин 2-бөлүмүнүн 4-пункту (адам өлтүрүү) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылды.

Каза болгон 44 жаштагы Р.Ж. 3 баланын атасы болгон. Убактылуу эч жерде иштечү эмес. Бычакталган аялынын абалы жакшы.

Кылмышка шектүү А.А. 2 баланын атасы. Орто билимдүү, убактылуу эч жерде иштебейт, мурда соттолгон эмес. Ал тергөөнүн жүрүшүндө кылмыштын изи сууй электе кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда соттук-медициналык, соттук-биологиялык, соттук-криминалистикалык, соттук-медико-техникалык, соттук-наркологиялык, соттук-психиатриялык экспертизалар дайындалып, тергөө амалдар жүргүзүлүүдө.

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *