Мойнуна дөңгөлөк илинип, өрттөлүп жаткан акыйкатсыз заманда жашап жатабыз..

Бишкек, 08.04.2021 Sokol.media Матмусаева Тумар

Сөз жок. Өтө өкүнүчтүү!!! Кыз баланын тагдырын бир тыйынчалык санабаган, аял заты кордолуп, ала качуунун курмандыгы болуп, койнунда жаткан күйөөлөрүнүн колунан ажал таап, мойнуна дөңгөлөк илинип, өрттөлүп жаткан акыйкатсыз заманда жашап жатабыз. Кыз бала да өз жашоосун өзү каалагандай жашоого укугу бар!!! Кыз киши да, аял да АДАМ… Ушул түркөйлүк, караңгылык деги качан токтойт?! Адамдар ойлонуп калыш үчүн дагы канча кыз өз өмүрү менен коштошуш керек?! Дагы канча кызгалдактай болгон кыздар ала качуунун курмандыгы болуп,адам сымал айбандардын колунан ажал табышы керек?! Бурулайдай, Айзададай болуп канча кыз өлүмгө моюн сунуу керек?! Ойлонгула! Ойлонолу! Кыз бала бирөөнүн буюму,менчиги эмес!!!

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *