Мимлиция: Кылмыш ишинин бетин ачууда көп убакыт талап кылынат

Бишкек, 08.04.2021 Sokol.media Бегимай Керимова

Бүгүн, 8-апрелде Бишкек ШИИББинде ала качуудан каза болгон Айзада Канатбекованын өлүмү боюнча маалымат жыйын өттү.  Анда кылмыш ишинин бетин ачууда көп убакыт талап кылынаары айтылды.

«Каза болгон кыздын апасынын арызы Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Андан соң тергөөчү сурак жүргүзүп, керектүү документтерди даярдайт. Андан соң ал иш прокуратурага жөнөтүлөт. Кийин сотко өткөрүлөт. Мыйзам боюнча иш ушундай тартипте жүрөт. Мунун баары көп убакытты талап кылат. Мына ушундай бюрократия көп убакытты талап кылат«, — деп билдиришти Бишкек ШИИББинен.

Эске салсак, Бишкек шаарында эки күндөн бери дайынсыз болуп жаткан 27 жаштагы кыздын жансыз денеси кечээ, 7-апрель күнү табылган.

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *