Милиция: Уурдалып каза болгон Айзада футболка менен муунтуп өлтүрүлгөн

Бишкек, 08.04.2021 Sokol.media Бегимай Керимова

Алдын ала маалыматтар боюнча уурдалып каза болгон Айзада Канатбекова аны ала качкан жигиттин футболкасы  менен муунтуп өлтүрүлгөн. Бул тууралуу Бишкек ШИИББнин тергөө кызматынын башчысы Нурлан Утемисов билдирди.

Утемисовдун айтымында, учурда соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлүүдө.

“Алдын ала маалыматтар боюнча, кызга муунтуудан улам дем жетишпей калган. Ал шектүү Замирбек Теңизбаевдин футболкасы менен муунтуп өлтүрүлгөн. Өз кезегинде шектүү өзүнүнүн моюн тарабын үч жолу бычак менен кескен. Анын бир жарааты терең болгон. Натыйжада шектүү көп кан жоготуудан улам каза болгон ”, — деп билдирди Утемисов

Эске салсак, буга чейин Бишкекте Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде жаш кызды ала качып кетишти деген маалымат тарап, окуя видеого түшүп калган.

Көп өтпөй 7-апрелде кыздын сөөгү Бишкектин четиндеги Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаада автоунаадан табылган.

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *