АУДИО-Мени кечирип коюңуздар!Айзаданы уурдаган шектүүнүн өлөөр алдындагы аудиосу тарады

Бишкек, 08.04.2021 Sokol.media Бегимай Керимова

Маркум  Айзаданы уурдаган шектүү Замирбек Теңизбаевдин өлөөр алдында жакындарына жолдогон ый аралаш аудиосу тарады. .

Аудио-билдирүүдө шектүү сүйүүнүн айынан ушул жолго барып жатканын айтып, апасынан кечирим сураган.

«Апа, тынч болуңуздар! Менден кеткен күнөө болсо, мени кечирип коюңуздар! Мен Айзаданы сүйдүм, ушунча күттүм. Ага мен: «Башынан жашайлы, башынан баштайлы», — десем болбоду. Бир айтты «күт» деп. Макул дедим. Эки айтты «күт» деп. Эми үчүнчүсүндө ишене турган эч нерсем жок. Мына жанымда отурат. Мына дагы суранып жатат, жалган айтып. Мен азыр айтып коёюн, мени акыркы жолу угуп жатасыздар. Рахмат баарыңыздарга», — деп айтылат билдирүүдө.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.