Айзаданын өлүмүнө байланыштуу активисттер ИИМдин алдына чыгышты

Бишкек, 08.04.2021 Sokol.media

Бишкекте Ички иштер министрлигинин имаратынын алдында жарандык активисттер, блогерлер, укук коргоочулар, шаар тургундары Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланыштуу нааразылык акциясына чыгышты.

Нааразы тарап Канатбекованын убагында табылбашы — милициянын шалаакылыгынан кабар бере турганын билдиришти.

Алар кандуу окуяга жол берилгени үчүн ички иштер министри Улан Ниязбековдун отставкага кетишин жана чогулгандардын алдына чыгып жооп беришин талап кылышты.

«Отставка!», «Уят!», «Министр кетсин!», «Жетишет!», «Ала качуу салт эмес!», «Аялдарга сөз!», «Коопсуз мамлекетте жашагым келет!» деп кыйкырып турушат. 2018-жылы ала качуунун курмандыгы болгон Бурулайдын окуясын эске салышууда.

«Дагы канча өлүм керек?»,» Шалаакылык үчүн ким жооп берет?», «Мен жашагым келет!» деген жазууларды, Айзада Канатбекованын жана Бурулай Турдаалы кызынын сүрөттөрүн көтөрүп алышкан.

Акциянын катышуучуларынын алдында Ниязбеков чыккан жок. Анын орун басары, ИИМдин Ички иликтөө кызматынын жетекчиси чыгып, жооптуу кызматкерлердин ишине баа бериле турганын айтты.

Булак: Азаттык

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *