Жергиликтүү вакцинаны алууга убада берген Токаев орус препаратын сайдырды

 Бишкек, 07.04.2021 Sokol.media

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев коронавируска каршы «Спутник V» вакцинасын алды. Бул тууралуу 6-мартта президенттин басма сөз катчысы Берик Курмангали билдирди.

Акордо маалымдагандай, орусиялык вакцина Караганды фармацевтикалык комплексинде чыгарылган. Бул үчүн бюджеттен 35 миллион доллар бөлүнгөн. Бул комплекстин тең кожоюну мурдагы президенттин тууганы Кайрат Боранбаев экени айтылып келет.

Быйыл январда өкмөттүн жалпы жыйынында Токаев казак өндүрүшүнөн чыккан вакцина менен эмделе турганын айткан:

«Ата мекендик вакцинанын сыноолору оң чыгат деп үмүттөнөбүз. Андай болсо мен казастандык вакцинаны аламын».

Жыйынтыгында Токаев эмне себептен орус вакцинасын тандаганын президенттин басма сөз кызматы түшүндүргөн жок. Курмангали 67 жаштагы Токаевдин эмдөөдөн өткөндөн кийинки абалы жакшы экенин, терс таасир болбогонун билдирди.

Казакстанда «Спутник V» —Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан колдоо тапкан жана калкты жапырт эмдөө үчүн колдонулуп жаткан жалгыз вакцина. Медиктер, мугалимдер жана күч түзүм органдарынын кызматкерлери эмдөөдөн өткөндөн кийин өлкөдө жапырт иммунизация башталган. Бул арада бир нече шаарларда, анын ичинде Алматыда препарат тартыш болуп жатканы айтылууда.

Бийлик өлкөдө колдонулуп жаткан Орусиянын «Спутник V» вакцинасынын жаңы партиясын күтүп жатат. Буга чейин Казакстандын QazCovid-in вакцинасын сыноонун үчүнчү баскычы 9-июлда аяктай турганы кабарланган.

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *