ВИДЕО-Покровка айылында дүкөндөн өрт чыкты

Бишкек, 07.04.2021 Sokol.media Бегимай Керимова
Чүй районунун Покровка айылында «Күн чыгыш» дүкөнүнөн өрт чыкты. Өрт чыккан жерди Sokol.media сайтынын окурмандары видеого тартып жиберишкен.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын Sokol.media сайтына берген маалыматына караганда, Покровка айылында жайгашкан дүкөндөн чыккан өрт саат 11:34тө чектөөгө алынган. Учурда өрттү толук өчүрүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Кошумча маалымат берилет.