ВИДЕО-Кыргызстандык жигит Валерий Меладзе менен чогуу ырдады

Бишкек, 07.04.2021 Sokol.media Бегимай Керимова

Кыргызстандык Оскар Батыров «Яны Мон» долбоорунда орусиялык продюсер жана музыкант Валерий Меладзе менен чогуу Константин Меладзенин «Красиво» аттуу ырын чогуу аткарышты.

Долбоордун катышуучусу видеону Instagram баракчасына жарыялаган.

«Маэстро менен ырдоо мен үчүн сыймык болду! Рахмат ”,- деп жазган ал.

26 жаштагы ырчы Оскар Батыров Россиянын Уфа шаарында өткөн эл аралык музыкалык «Яны Мон» сынагынын катышуучусу болгон. Долбоорго катышуу үчүн 8 миңден ашуун арыз келип түшкөн.

Оскар Батыров — белгилүү телерадио алып баруучусу, Музыка искусство мектебинин эстрадалык вокал бөлүмүн аяктаган. Ал радио жана телевидениеде иштеген.

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *