Сүрөт-Комузчу Чолпон Мелисбекова сулуулар сынагында баш байгени жеңип алды

Бишкек, 07.04.2021 Sokol.media

Белгилүү комузчу Чолпон Мелисбекова сулуулар сынагында баш байгени жеңип алды. Бул тууралуу ал жеке баракчасы аркылуу кабарлады:

«Маалымат тагыраак болуш үчүн, эми өзүм пост чыгарайын. Бул «Супер сулуу» сынагы эмес! Бул- «Супер Леди Кыргызстана- 2021» сынагы.

20 жаштан 60 жашка чейинки (профессионал моделдер эмес!) аялдар арасындагы чон сынак болуп өттү. Сынакта бой, салмак, роль ойногон жок! Анда энелер, Кыргызстандын булуң-бурчундагы ар тармактуу кесиптердин ээлери, 23 катышуучу бири бирибизге окшобогон, ар тараптуу, күчтүү айымдар, бизнесвумендер чогулдук.

1,5 Ай сабак алып, эл катары даярдандым. Себеби мен модель, актриса, бийчи же ырчы эмесмин! Бирөөлөр айткандай мен болгону комузчумун, бирок, жаратканым мени өнөр менен курчаган экен бий, ыр, ж.б өнөрлөрдү өзүм жакшы көрүп, кызыгып, изденип аркалайм!

Бул сфера мен үчүн жаңылык, биринчи тажрыйба болду. Өмүрүмө, жашоомо, жаратканыма жакындарыма ыраазымын. Аял затына ушундай мүмкүнчүлүк түзүп, жан дүйнөсүн дагы бир ирет гүлдөткөн уюштуруучу Чолпон Сакенова эжекеге Рахмат.

Сынакта өз кичи мекеним Кара-Балтанын атынан чыктым. Аллахыма шүгүр«, — дейт ал.

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *