Сүйүнчү! Бишкекте үч эм төрөлдү

Бишкек, 07.04.2021 Sokol.media
Бишкек 11-март күнү үч эм жарыкка келген. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, үч эркек наристе шаарындагы Шаардык перинаталдык борборунда жарык дүйнөгө келген. Биринчи наристе 1 миң 360 килограмм, экинчи наристе 1 миң 280 килограмм, үчүнчүсү 1 килограмм салмакта төрөлгөн.
27 жаштагы эне эркек балдарды табигый жол менен төрөгөн. Алар бир ай бою үч эм Шаардык перинаталдык борбордо болуп, медицина кызматкерлеринин көзөмөлүндө болушкан.
Наристелердин абалы канааттандырарлык, 9-апрелде ымыркайлар чыгарылууга даярдалып жатканы маалым болду.