Экс-депутат Токтогул Туманов коронавирустан каза болду

Бишкек, 07.04.2021 Sokol.media

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Токтогул Туманов коронавирустан каза болду. Бул тууралуу  Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев тастыктаган.

«Кечээ, 6-апрелде саат 21:50дө Токтогул Туманов коронавирус жана пневмония илдетинин оор түрүнөн каза болду», — деди ал.

Туманов 1966-жылы 23-мартта Жалал-Абад облусунун Токтогул айылында төрөлгөн. Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты болгон.

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *