Өчпөс отту үйлөп өчүрөм деген бала кармалып, кечирим сурады

Бишкек, 07.04.2021 Sokol.media Бегимай Керимова

Бишкек шаарынын борборунда өчпөс отту өчүргөн жарандын видеосу  интернет айдыңында таркап, кызуу талкууга алынган эле. 

Аталган  видео чыгаар замат Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, шектүү катары 2003-жылы туулган Н.у. А. аттуу жаранды табышып, Свердлов райондук Тергөө кызматына өткөрүп беришкен. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда,  учурда шектүү жаран кылган кылыгын мойнуна алып, тамаша “Хайп” үчүн жасагандыгын айтып, коомчулуктан кечирим сураган.
Азыркы учурда бул факты боюнча тийиштүү иштер жүрүүдө.

 

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *