Апрель революциясынын катышуучусу: Элин атып жатса карап отурган улуттук гвардиянын командири күнөөлүү

Бишкек, 07.04.2021 Sokol.media Бегимай Керимова

Бүгүн, 7-апрелде  «Апрель элдик революциясына» 11 жыл толуп отурат. Тагыраагы, мындан 11 жыл мурун, 2010-жылдын 7-апрелинде ошол кездеги президент Курманбек Бакиевдин бийлигине эл нааразы болуп, катуу толкунган эле. Мына ошол күнү Бакиев бийлиги өз элине ок атып, кыргыз эли 80дей эр-азаматтарынан жигиттеринен айрылган. 

Бул жашоодо «Энени баладан, баланы энеден айрыбасын» деп коет эмеспи. Анын сыңарындай эми эле гүлдөп келе жаткан жапжаш балдарынан айрылган энелер сыздаган бойдон кала берген. Мына ошол каза болгон жигиттердин бардыгы жалаң карапайым үй-бүлөнүн балдары болгон.

Бүгүн ала-тоо аянтында апрель баатырлары эскерилип, аларга гүл коюлду. «Ошол кезде элин атып жатса карап отурган, улуттук гвардиянын командири күнөөлүү»,-   дейт апрель революциясынын катышуучусу Жаныбаев Алтынбек.

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *