Ош ОИИБи Тергөө кызматы кесиптик майрамын белгилешти

Бишкек, 07.04.2021 Sokol.media

Ош ОИИБи Тергөө кызматы кесиптик майрамын белгилешти.Бул тууралуу Ош ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.

Ош облустук ички иштер башкармалыгында тергөө кызматынын 58 жылдыгына карата 150 кызматкер Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин «Азамат 1,2,3», «Кыргыз милициясына 95 жыл» медалдары жана ардак грамоталары менен сыйланышты. Ошондой эле кезектеги аскердик наамдар ыйгарылды. Сыйлыктарды Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын начальниги милициянын полковниги Жеӊишбек Абитов тапшырды. Алгач кесип ээлерин жана ушул кесипте иштеп ардактуу эс алууга чыгышкан ардагерлерди куттуктап сөз сүйлөп, кызматында ийгиликтерди каалады. Көп жыл тергөө кызматын жетектеген милициянын отставкадагы полковниги Бердибаев Кемербекке башкармалыктын атынан ок атуучу курал белекке берилди. Тергөө кызматынан сырткары, милициянын участкалык уполномоченныйлары, жашы жете электер менен иш алып баруучу инспекторлор, милициянын кайгуул күзөт кызматынын 10 жылдан ашуун кынтыксыз кызмат өтөшкөн кызматкерлери сыйланышты. Кезектеги «Милициянын полковниги» наамы милициянын подполковниги Дооронов Бекмырзага, «Милициянын подполковниги» наамы милициянын майору Касымбаев Кылымбекке ыйгарылды.

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *