Момбеков: Пост жазды деп камаса, тост айткандарды да камасын

Бишкек, 06.04.2021 Sokol.media

Депутат Рыскелди Момбеков да активист Тилекмат Куреновду колдоп Бишкек шаардык соттун алдына келди. «Аны камоого негиз деле жок болчу. Пост жазып койду, бийликти басып алууга чакырык жасады деп камап койду. Тост менен постун айырмасы жок. Пост жазып койду деп камаса анда тост айткандар да камалсын. Эми сот да акыйкат чечим чыгарып анын жаш баласын эске алып, коомчулукту да карап адилет чечим чыгарат дедим эле бирок күчүндө калтырып коюптур»-деп өз пикирин билдирди.

Ал эми сотко активист Тилекматтын апасы, жубайы балдары менен келген. Ошондой эле Куреновду колдоп, аны эркиндикке чыгаруусун талап кылган бир топ коомдук активистер ар түрдүү ураандагы платкаттарды көтөрүп барышкан.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.