Айыккыс оор илдетке чалдыккандар жана алардын жакындары бекер кеңеш алса болот

Бишкек, 06.04.2021 Sokol.media

Айыккыс оор илдетке чалдыккандар жана алардын жакындары «Паллиативдик жардам» тынымсыз линиясына чалып бекер кеңеш алса болот. Бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду кабарлады.

Тынымсыз линиянын номерлери:

  • Элиза, терапевт — 0705180914;
  • Динара, дарыгер-онколог — 0772176427;
  • Салтанат, дарыгер-онколог — 0552140587.

Паллиативдик жардам кимдерге керек?

  • залалдуу шишиктин ар кандай формасы менен жабыр тарткандар;
  • ички органдары катуу жабыркагандар;
  • өнөкөт оорулары күч алгандар;
  • мээнин кан тамырынын бузулушунан жапа чеккендер;
  • жаракаттардын айынан кесепети чоң илдетке кабылгандар;
  • нерв системасы ооруларынын акыркы баскычтары менен күрөшүп жаткандар;
  • деменциянын (акыл-эстин начарлашы) ар кандай түрлөрүнө, анын ичинде Альцгеймер оорусуна кабылгандар;
  • социалдык жактан маанилүү жугуштуу илдеттер менен олуттуу түрдө күрөшүп жаткандар.

 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.