Хакерлер «Фейсбуктун» 500 миллиондой колдонуучусунун маалыматтарын ачыкка чыгарышты

Бишкек, 05.04.2021 Sokol.media

«Фейсбуктун» 500 миллиондон ашуун колдонуучусунун жеке маалыматтары хакердик ачык форумга жарыяланып кетти. Insider билдиргендей, кеп жүздөн ашуун өлкөнүн колдонуучулары жөнүндө болуп жатат.

Бул телефон номерлер, биографиялык маалыматтар, электрондук почталардын даректери.

АКШда 32 миллион, Британияда 11 миллион, Индияда 6 миллиондон ашуун колдонуучунун жеке маалыматтары жарыяланган.

Хакерлер жарыяланган маалыматтарга бир нече жыл мурун ээ болушкан.

«Фейсбуктун» администрациясы жеке маалыматтардын тарап кетиши боюнча комментарий бере элек.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.