Алайда кар көчкү түшүп, мал карап жүргөн 14 жашар бала изделүүдө

Бишкек, 05.04.2021 Sokol.media Бегимай Керимова

Алайдын Терек айылында кар көчкү түшкөн, мал издеген жаш бала изделүүдө. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди. 

«Алай районундагы Белекбаев айыл аймагына караштуу Терек айылында болжол менен саат 13:30да тоодон кар көчкү түшкөн. Ошол учурда 2007- жылы туулган бала мал карап жүрүп дайынсыз жоголгон. 

Кечээ, 4-апрелде  жерине издөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн КР ӨКМнен жалпы 30 куткаруучу, ИИМден 10 кызматкер, мындан сырткары жергиликтүү тургундардан 70 адам тартылып, кеч киргендигине байланыштуу издөө иштери убактылуу токтотулду. Бирок, натыйжа болгон жок.

Бүгүн, 5- апрелде издөө улантылат», — деп айтылат маалыматта.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.