Аксыда көз жарган 7-класстын окуучу кызын зордуктоого шектелип жаш жигит кармалды

Бишкек, 05.04.2021 Sokol.media Бегимай Керимова

Аксы районунда көз жарган 7-класста окуган окуучу кызды зордуктоого шектелип 16 жаштагы бала кармалды. Бул тууралуу  Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка таянсак, милицияга 1-апрелде саат 07:00 чамасында Аксы райондук аймактык ооруканасынан Кара-Суу айылынын 2007-жылы туулган тургуну төрөт бөлүмүндө төрөгөндүгү кабарланган.

Бул окуя Аксы РИИБ тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө кызматы тарабынан Жазык кодексинин 161-беренесинин 4-бөлүмү (Зордуктоо) менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Анын алкагында 5-апрелде Аксы районунун 2004-жылы туулган А.К. аттуу тургуну кылмышка шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Аймактык кабарчыга белгилүү болгондой, шектүү окуучу кыздын жакындары болгон.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.