Ыргал Кадыралиева жарыштан четтетилди

Бишкек, 02.04.2021 Sokol.media

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын жыйынында бир катар даттануулар каралып, аларга карата чечимдер чыгарылды. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, үгүт жүргүзүү эрежелерин бузгандыгы үчүн бир нече талапкерлер жарыштан четтетилген.

«Азия-ньюс» гезитине жарыяланган Жогорку Кеңештин депутаты, «Ынтымак» партиясынын лидери Марлен Мамателиевдин маеги үгүт материалы деп табылып, гезитке кат жүзүндө эскертүү берилди.

«Эмгек», «Ынтымак» жана «НДПК» партияларынын айрым мүчөлөрүнө КСДП партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү тарабынан даттануу келип түштү. Даттанууда айрым талапкерлер КСДП партиясынын мүчөсү болуп туруп, башка партиялардын курамында шайлоого аттанып жатканы айтылган. Арыздануучу тарабынан берилген кошумча материалдарды карап чыгып, Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы «Эмгек» партиясынан талапкерлер А.Мамбетова жана М.Токтоналиеванын талапкерлигин каттоодон баш тартуу чечимин чыгарды.

Ак-Бата конушунда депутаттыкка талапкерлер Нариман Түлеев жана Ыргал Кадыралиеванын катышуусунда массалык спорттук иш-чара өткөрүлүп, бекер тамак-аш таратылгандыгы боюнча ЖМКларда жарыяланган маалыматтардын негизинде, «Ак Бата» партиясына эскертүү берилип, Ыргал Кадыралиева жарыштан четтетилди«, — деп жазылат маалыматта.

Булак: Супер кж

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.