ВИДЕО-Ырчы Нурмат Садыров тамашалуу видеосу үчүн кечирим сурады

Бишкек, 02.04.2021 Sokol.media

Ырчы Нурмат Садыров 1-апрель күнү чыгарган тамашалуу видеосу үчүн социалдык баракчасы аркылуу кечирим сурады:

«Бүткүл дүйнө жүзү 1-апрель күнү жакындарын тамашага салып,күлкү тартуулаганга аракет жасашат. Бул күндү кээ бир жаштар “күлкү күнү” деп аташса, биздин улуу муун “акылга сыйбаган күн” дешет. Айтор,кимдир-бирөөгө мен бөлүшкөн видео жакпай калса,кечиргиле. Биздин өлкөдөгү акыркы жаңылыктардын баары эле маанайды чөктүрө турган болду. Ошондуктан,биз сиздерди алдайлы деп эмес,болгону ууртуңуздарга жылмаюу тартуулап,жакшы жаңылык бар экен деген ой пайда болсун деген үмүт менен видеону бөлүшкөнбүз. Бизге окшогон бойдоктор баш кошуп,түтүн булатса жаманбы? Эң башкысы өлкөбүздө жалаң жакшы жаңылыктар болуп,жашы өтүп бараткан бойдоктордун саны кыскарсын? Дагы бир ирээт кечирим сурайбыз???»,— деп жазган ал.

Эске салсак, кечээ, 1-апрель күнү ырчы алып баруучу Айзада Жамгырчиеванын колун сураган видеону таркаткан эле.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.