ВИДЕО-Сен кимсиң өзү? Аксыда мектеп диретору менен ата-энелердин ортосунда чыр чыкты

Бишкек, 02.04.2021 Sokol.media

Фонддун айынан мектеп жетекчиси менен ата-энелердин ортосунда чыр чыкты. Бул тууралуу видео «7-каналдын» редакциясына келип түшкөн. 

Каналдын өздүк  булактарынын  маалыматына ылайык, Жалал-Абад облусундагы Аксы районуна караштуу Кашка-Суу айыл өкмөтүндөгү Зебикан Кутманов атындагы орто мектебинде, ата-энелер мектеп фондуна деп 250 сомдон акча чогултушат. Бирок, чогулган акчанын отчетун мектеп жетекчиси толук кандуу бере албагандыктан, алардын ортосунда чыр чыккан. Ата-энелер бул иш боюнча прокуратурага жана Райондук билим берүү бөлүмүнө кайрылышкан. Бирок, жыйынтык чыккан эмес.

Булак: 7tv.kg

 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.