Бейшеналиев: Балдарым жана нан кармап ант берем. Эмдөө алгандыгым чын

Бишкек, 02.04.2021 Sokol.media Бегимай Керимова

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев ага карата айтылып жаткан күмөн саноолорго  комментарий берди:

«Мен негизи кесибим боюнча хирургмун. Эмдөө алганымдын жалган эмес экенин балдарым жана нан кармап ант ичем. Эмдөө алганда мен эч нерсе болгон эмесмин. Маалымат каражаттарына көрсөтөм, антитела ноль болчу. Мен эч кимди алдаган да эмесмин, маалымат каражат өкүлдөрүнөн качкан да эмесмин. Эмне болсо ошону айтып келе жатам.

Эгер корксом же качсам, иш сапардамын деп эле орун басарларымды жөнөтүп коймокмун. Ал эле эмес менин орун басарларым баш болуп 30 медицина кызматкери эмдөө алды. Интернет колдонуучулары ар нерсени жаза берет. Мен эмдөө алып жатканда баардык журналисттер чагылдырып, элге түз көрсөтүлүп жатты», — дейт Бейшеналиев.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.