Академик Мамбет Мамакеев «Манас» ордени менен сыйланды

Бишкек, 02.04.2021 Sokol.media

Улуттук хирургия борборунун ардактуу директору, Кыргыз өлкөсүнүн баатыры,
академик — Мамбет Мамакеев бүгүн, 2-апрелде президент Садыр Жапаровдун колунан 2-даражадагы «Манас» орденин алды. Мамлекеттик сыйлыктар ишмердүүлүгү менен өзгөчөлөнгөн жарандарга ыйгарылган.

Президент алардын эмгеги кандай гана заман, кандай гана бийлик болбосун, замандаштарга үлгү, келечек муун үчүн өрнөк болорун кошумчалаган. Аталган сыйлыкка татыктуу болгон академик Мамбет Мамакеев кубанычтуу эмоцияларын SUPER.KG порталына айтып берген. 

Мен 94 жаштамын. Бул кесипте иштегениме 69 жылдан ашты. Бул жылдар ичинде мурун Советтер союзунун учурундагы сыйлык, ордендердин бүт баарын алгамын. Мага бир эле 2-даражадагы «Манас» ордени жетпей жаткан.

Мына ушул сыйлыкты бүгүн мага «Ала-Арча» резиденциясында президент Садыр Жапаров тапшырды. Ошону менен менде 1-2-3-даражадагы «Манас» ордендери толук болуп калды. Мен дайыма айтып жүрөм Кудай мага нурун чачса керек, ошондуктан ушул күнгө чейин күнүнө 5ке чейин операция жасайм», — деди Мамкеев.

Академик Мамбет Мамакеев ушул жылдын 29-февралында «Гиннесстин рекорддор китебине» эң көп убакыт иштеген хирург катары катталган.

Анда 93 жаштагы Мамакеевдин хирург катары 67 жыл 181 күн иштегени айтылат.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.