«Каза болду» делген жигит ички органдарын алганы жатышканда көзүн ачкан

Бишкек, 01.04.2021 Sokol.media

Англияда «каза болду» делген жигит  дарыгерлер ички органдарын алууга даярданып жатышканда тирилип кеткен. Бул тууралуу англиялык stokesentinel.co.uk  басылмасы жазган.

Маалыматка ылайык, 13-мартта 18 жаштагы Льюис Робертсти унаа сүзүп кеткен. Ал башынан жаракат алып, ооруканага жеткирилип, ага тез арада операция жасалган.

Бирок операциядан  4 күн өткөндөн кийин дарыгерлер Льюистин мээси «өлгөнүн» жана анын өмүрүн сактоого мүмкүн эмес экенин айтышкан. Льюистин туугандары анын ички органдарын муктаж болгон бейтаптарга берүүнү чечишкен.

Бирок операцияга чейин бир нече саат калганда Льюис дем алып баштаганда дарыгерлер бул өлүмдөн кийинки белгилери го деп ойлошкон. Бирок Льюис көзүн ачып, ымдап баштаган. Дарыгерлер мындай көрүнүшкө шок болуп,  жасалма дем алдыруучу аппаратты өчүрүшкөн. Льюис өз алдынча дем алып баштаган. Учурда Льюис буту-колун жана башын кыймылдата алат.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.