ИЗДӨӨ САЛАБЫЗ! 31 жаштагы Махмутжан кызы Барнохан изделүүдө!

Бишкек, 01.04.2021 Sokol.media Бегимай Керимова

2021-жылдын 21-март күнү саат 16:00 чамасында Сузак районунун Ырыс айыл аймагынын Жар-Кыштак айылынын тургуну 1990-жылы туулган Махмутжан кызы Барнохан өзү жашаган үйүнөн чыгып кеткен бойдон
дайынсыз болууда. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.
Учурда Махмутжан кызы Барнохандын жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт.
Белгилери: Бою 165-170 см, өңү кара тору, кашы, көзү, чачы кара, 2-топтогу майып.
Кийген кийимдери: Көк түстөгү узун халат, күрөң түстөгү кемзир, кара шым, бутунда галош болгон.
Дайынсыз болуп жаткан Махмутжан кызы Барнохан тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо биздин дарекке кабарлап коюуңуздарды суранабыз.
Алдын ала көрсөткөн жардамыңыздар үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Тел.: 102, (03748) 5 02 09, 0773 07 77 77, 0558 84 48 50.

 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.