Чечен Республикасынын башчысы Рамзан Кадыров Нобель сыйлыгына көрсөтүлдү

Бишкек, 01.04.2021 Sokol.media

Чечен Республикасынын башчысы Рамзан Кадыров 2021-жылдагы Нобель сыйлыгына көрсөтүлдү.  Бул тууралуу «Грозный» сайтына жазылган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирди.

Маалым болгондой, ал “акыркы 15 жыл ичинде тарыхый жактан оор чечен чөлкөмүндө ишенимдүү тынчтыкты орнотууга жана сактоого кошкон зор салымы үчүн” көрсөтүлгөн.

Өткөн жылы БУУнун мүчөлөрү Кадыровдун эл аралык мамилелерди, гуманитардык жана билим берүү программаларын өнүктүрүүдөгү өзгөчө салымын жогору баалаган.

Нобель сыйлыгы жыл сайын Норвегиянын Осло шаарындагы Нобель коммисиясы тарабынан дүйнөдөгү тынчтыкка, өнүгүүгө кошкон өзгөчө салымы үчүн берилүүчү сыйлык. Жогоку даражадагы сыйлык 1901-жылдан бери берилет.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.