Бишкекте көчөгө ташталган ымыркайдын апасы изделүүдө

 Бишкек, 01.04.2021 Sokol.media 

Бишкек шаарындагы көчөлөрдүн бирине жаңы төрөлгөн  ымыркайын таштап кеткен келин изделүүдө. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2021-жылдын 19-мартта саат 07:35 чамасында Салиева көчөсүндө ак чүпөрөккө оролгон бала табылып,  балдар үйүнө жеткирилген.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 150-берене (“коркунучта калтыруу”) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

“Андан бери дээрлик 10 күндөн ашуун убакыт өтсө дагы наристенин апасы табыла элек. Апасын издөө иштери бүгүнкү күндө деле улантылууда”,-деп айтылат маалыматта.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.