Балыкчыда өрт чыгып, 75 жаштагы карыя каза болду

Бишкек, 01.04.2021 Sokol.media

Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында көп кабаттуу батирден өрт чыгып бир адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка караганда, Балыкчы шаарынын Орозбаев көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу турак үйдүн батиринде жумшак керебет жана журкан, төшөк күйгөн. Өрттүн кесепетинен 1945-жылы туулган эркек киши түтүнгө ууланып каза болгон. Өрттүн себеби такталууда.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.