Аксы районунда 7-класстын окуучусу көз жарды

Бишкек, 01.04.2021 Sokol.media

Аксы районунда 7-класстын окуучусу көз жарды. Бул тууралуу өздүк булактарына таянып turmush.kg  билдирди.

Маалым болгондой, Кара-Суу айыл өкмөтүндөгү мектептердин биринин 7-классындагы окуучусу көз жарган.

Аксы райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Талант Эмилбек уулу бул маалыматты ырастап, окуя такталып жатканын айтты.

«Ушундай жаман окуя болуптур. Түндө маалымат келип түштү. Азыр ошол жерде жүрөм. Тартиптик жыйын өтүп жатам», — деди ал.

Көз жарган окуучу кыз менен ымыркайдын абалы жакшы.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.