ВИДЕО, сүрөт-Бишкекте эки унаа катуу кагыша кеткен.

Бишкек, 31.03.2021 Sokol.media Бегимай Керимова

Бүгүн, 31-мартта саат болжол менен 16:20 лар чамасында Бишкек шаарынын Киев жана Калык Акиев көчөлөрүнүн кесилишинде Тойота Камри үлгүсүндөгү унаа менен БМВ үлгүсүндөгү унаа кагышып кеткен. Кырсык болгон жерден Sokol.media сайытынын окурманы видео жиберген.

Күбөлөрдүн айтымында,  Тойота Камри унаасынын ичинде айдоочу жана бир аял болгон. Аялды тез жардам унаасы алып кеткен. Ал эми БМВ үлгүсүндөгү унаада айдоочу жана 2 бала болгон.

Учурда жерине ЖККББнын кызматкерлери келип, кырсыктын келип чыгуу себептерин аныктоодо.

Эске салсак, аталган көчөлөрдун кесилишинде жол чырагы жок.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.