УКМК: Баткен областынан контрабандалык жүк кармалды

 Бишкек, 31.03.2021 Sokol.media Бегимай Керимова

Баткен областынан контрабандалык жүк кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди. 
Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 30-мартында Баткен районунун Миң-Булак айылында коңшу мамлекеттен контрабандалык жүктөрдү мыйзамсыз ташып жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары кармалган. 
Такталгандай, кошуна өлкөлөрдөн коштомо документтерсиз алынып келинген жалпы көлөмү 2 тоннадан ашык лимон түрүндөгү контрабандалык продуктулар жана 54000 даана тооктун жумурткалары кармалды. Кармалган жүктүн жалпы суммасы болжолдуу түрдө 852 000 сомго бааланууда.
Учурда Баткен бажы органдары тарабынан кармалган жүктүн базар баасын аныктоо жана төлөнө турган бажы алымдарын белгилөө боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.