Төкмө акын Азамат Болгонбаевдин кызы райондук сынакта 2-орунду ээледи

Бишкек, 31.03.2021 Sokol.media

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, төкмө акын Азамат Болгонбаевдин кызы Керемет Таалайбекова райондук сынакта 2-орунду алды. Бул тууралуу жергиликтүү сайттардын бирине  акын маалымат берген:

«Сөз болуп жаткан сынак «Мен Кыргызстандык» деген райондук сынак экен. Кызым 6 жашынан тарта комузга барат, алиппеден мурда нотаны тааныган. Комуз мугалими Курманбек кызы Асель. Арашан айылында ийримге катышат. Стрельникова атындагы мектепте 2-класста окуйт. Мен биринчи класста барып, бирок экинчи класста үйрөнө баштагам, кызым менден да эртерек чертти комузду», — дейт ал. 

Эске салсак, төкмө акын менен жубайы Жайнагүл Жекшенбекова 1 уул жана 3 кызды тарбиялап келишет.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.