Мээримиңиздин ченеми жок эле…аябай сагындым…Ырчы Неля апасын эскерди

Бишкек, 31.03.2021 Sokol.media

Ырчы Неля  социалдык баракчасына апасын эскерип жазды:

«Апамдын туулган күнүн аябай күтчүмүн, себеби апама жагымдуу көз ирмем тартуулап, өзгөчө белек берип, анын жүзүндөгү жылмаюсун көрүп, мен өзүмчө кубанычта болчумун…

Былтыр 31-мартта ушул видео-куттуктоону жиберсем, көзүнө жаш алып, толкунданып, жаш баладай сүйүнүп, бизге жана бардык кесиптештериме батасын берип, ыраазычылыгын айтты эле…
Айла жок экен…эми, апамдын сүрөттөрүн карап, видеолорун көрүп олтурам…Жаным менин туулган күнүңүз менен. Сиз менин жашоодогу аска зоодой жөлөгүм элеңиз…мээримиңиздин ченеми жок эле…аябай сагындым…

Жаркылдаган элесиңиз ар дайым менин жүрөгүмдө сакталуу…», — дейт ырчы айым.

Эске салсак, ырчы айымдын апасы былтыр  2020-жылы 15-ноябрда пневмониядан көз жумган.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.