Бишкекте сегиз айлык баладан коронавирус аныкталды

Бишкек, 31.03.2021 Sokol.media Бегимай Керимова

Бишкекте сегиз айлык баладан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгери Айнагүл Рыскулбекова билдирди.

«Оорулуу менен байланышта болгондордун арасынан сегиз айлык бөбөк вируска кабылды. Анын эжеси илдетти жугузуп алганы ПЦР-тест аркылуу аныкталган. Ал эми наристеде клиникалык белгилер билине баштаганда текшерүүгө алынган. Учурда абалы канааттандырарлык, үйдө дарыланып жатат», — деди ал.

Ошондой эле ал өткөн суткада Бишкекте 48 учур катталып, анын ичинен 14 бейтап ооруканага жаткырылганын кошумчалады.

Жалпысынан Бишкекте жыл башынан бери 3 258 адамга вирус жуккан.  Алардын 1 989уна COVID-19 жугуп калганы ПЦР-тест аркылуу аныкталган.

https://www.facebook.com/562768910476961/videos/452476542537055?__tn__=F

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.