Ысык-Көл облусунда былтыр 13 өспүрүм өз жанын кыйган

Ысык-Көл облусунда 2020-жылы жашы жете элек 13 өспүрүм өз жанын кыйган. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Канат Джумагазиев Түп, Ысык-Көл райондук жана Балыкчы шаардык милициясынын ишмердүүлүгү менен таанышып жатып кабарлады.

Канат Джумагазиевдин айтымында, өзгөчө көңүлдү өз өмүрлөрүнө кол салуу фактыларына, жаш өспүрүмдөргө карата кылмыштарга, ошондой эле үй-бүлөөлүк зордук зомбулуктарды алдын алуу керектигин айтты.

“Былтыркы жылы Ысык-Көл облусунда 13 жаш балдардын өзүн өзү өлтүрүү фактылаары катталган. Алардын ата-энелери үчүн гана эмес коомубуз үчүн дагы өкүнүчтүү болду. Ошондуктан, бул багытта милициянын ишин түп тамырынан бери өзгөртүү керек”,- дейт Джумагазиев.

Ошондой эле Джумагазиев мектептерде лекциялар жана жолугушуулар менен гана чектелип келген эски иштөө ыкмаларын жоюу керектигин кошумчалады.

Балдар менен баарлашуу аркылуу, алардын ички дүйнөсүн жүрөгүбүз менен сезип, алардын алдында турган көйгөйдү билип, туура жол менен чечүү керек экендигин айтты.

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *