БШК «Кыргызстан» партиясынын документтерин кайтарды

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) «Кыргызстан» саясий партиясынын парламенттик шайлоого катышуу үчүн тапшырган документтерин артка кайтарды. Мунун менен БШК жумушчу тобунун 25-августта берген чечимин колдоду.

БШК «Кыргызстан» партиясынын документтерин анын «ыйгарым укуктуу өкүлү эмес, башка адам тапшырганы мыйзам бузуу болгон» деп белгиледи.

24-августтун кечинде «Кыргызстан» партиясы БШКдан расмий каттоодон өтүү үчүн документтерди тапшырууда эреже бузган деген негизде чыр чыккан.

Мыйзам боюнча БШК Жогорку Кеңешке шайлоого бара турган партиялардан талапкерлердин тизмесин жана тийиштүү документтерди кабыл алууну 24-августта саат 18:00дө токтоткон.

«Кыргызстан» партиясынын документ алып келген өкүлдөрдү каттаган журналда кабыл алуу убактысы кол менен оңдолуп, 17.59 деп жазылган. Видеокөзөмөлдө да алар белгиленген убакыттан бир аз кечиккени көрсөтүлгөн. Жарандык коом жана башка партиялар буга нааразылык билдирип, маселени жумушчу топ карай баштаган.

25-августта «Кыргызстан» партиясынын лидери Канатбек Исаев документ кечикпей тапшырылганын айтып басма сөз жыйын өткөргөн.
Булак: Азаттык

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *