Ишкерлердин аракети менен 700 дөн ашык кычкылтек станциялары орнотулту

Бишкек, 19.07.2020 Sokol.media
Өлкөбүздөгү кырдаалга байланыштуу элине жардам көрсөтүп, кол сунгандар четинен көбөйүүдө. Алардын бири ишкер Элдар Абакиров.
Аты жаман оору күчөгөндөн тарта ал Тилек Токтогазиев менен биргеликте эл үчүн күйгөн демөөрчүлөрдүн колдоосу менен көптөгөн ооруканаларга кычкылтек станцияларын орнотуп беришкен. Бул тууралуу ал фейсбук баракчасына жазган:
«Спонсорлордун (эл учун куйгон жердештерибиз) Тилек Токтогазиев менен бирге 10 күндүн ичинде биздин командабыз менен 733 кишиге ылайыкталган кычкылтек станцияларды орнотуптурбуз. Дагы жүздөгөн кишилер үчүн даярдалып жатат.

Бизди колдогон жарандарыбызга чоң ыраазычылыкты билдирем.
Ар бириңиздер абдан сооптуу ишке өзүңүздөрдүн чоң салымыңыздарды коштуңуздар!
Сиздердей мекендештер менен мен сыймыктанам!»,-деген.

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *