ВИДЕО-19 жаштагы жаран “Хизбут-Тахрир” уюмунан баш тартып видео кайрылуу жасады

Бишкек, 30.06.2020 Sokol.media

2020-жылдын 30-июнь күнү Жалал-Абад ОИИБдин Экстремизмге,
мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы (ЭММКАК) тарабынан
облус аймагында “Нелегал” операциясы өткөрүлдү. Бул операциянын
алкагында экстремизм багытында ыкчам-иликтөө жана профилактикалык
иштер жүргүзүлүп, буга чейин ачылган сотко чейинки өндүрүш иши соттун
кароосуна жиберилди.
Окуянын чоо-жайы:
2020-жылдын июнь айынын башында Базар-Коргон районунун “И”
аттуу тургуну социалдык тармакта элдерге “Хизбут-Тахрир” экстремисттик
агымынын идеологиясын үгүттөп жүргөндүгү тууралуу маалымат алынган.
Аталган факты Базар-Коргон РИИБдин КЖБРне КРнын Жазык кодексинин
315-беренеси (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) менен
катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.
Аталган сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында Жалал-Абад
ОИИБдин ЭММКАК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин
натыйжасында Базар-Коргон районунун 2001-ж.т. тургуну Д.И. элдерге
“Хизбут-Тахрир” экстремисттик агымынын идеологиясын үгүттөп
жаткандыгы аныкталып, анын “Инстаграм” социалдык баракчасынан
алынган буюм далилдерге диний-теологиялык экспертиза дайындалган.
Экспертизанын жыйынтыгында алынган буюмдар КРнын аймагында тыюу
салынган “Хизбут-Тахрир” экстремисттик агымына таандык экендиги
аныкталган.

Шектүү Д.И. жасаган кылмыш ишине өкүнүп жаткандыгын ачыктап
видео кайрылуу жасаган. Ал “Хизбут-Тахрир” диний-экстремисттик
агымынын идеологиясы туура эместигин, мындан ары мындай
материалдарды таратпай тургандыгын билдирген.
Бул факты милиция тарабынан толук тергелип бүтүп, “Нелегал”
операциясынын алкагында Базар-Коргон райондук сотунун кароосуна бүгүн
жөнөтүлдү.

Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *