Индия TikTok, WeChat жана башка 59 тиркемени колдонууга тыюу салды

Бишкек, 30.06.2020 Sokol.media

Индия бийлиги 29-июнь күнү кытайлык 59 тиркемени колдонууга тыюу салды. Бул тууралуу РИА Новости өкмөттүн маалымат кызматына шилтеме кылып жазды.

Маалыматка таянсак, ал тизмеде TikTok,  WeChat баштаган Mobile Legends, UC News, Weibo, QQ Music, Mi Community, Club Factory, Kwai, Baidu map, Clash of Kings жана башка тиркемелери бар.

Ошондой эле Индия бийлиги мындай кадамга өлкөнүн көз карандысыздыгын, коопсуздугун жана мамлекеттин бүтүндүгүн сактоо үчүн барып жатканын түшүндүрүүдө. Мындан ары бул тиркемелер Индиянын аймагында колдонулбайт.

 

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *