ВИДЕО-Рамзан Кадыров берген белектер карылар үйүнө тапшырылды

Бишкек, 29.06.2020 Sokol.media

Бүгүн, 29 июль күнү коомдук ишмер Ассоль Молдакматова Бишкек шаарындагы карылар үйүнө Чечен республикасынын башчысынын атынан берилген белектерди тапшырды.

Ал белектердин арасында кир жуучу машина, муздаткыч, француз идиш-аяктары, тамак ичкен стол, отургучтар, костьюмдар, бут кийимдер, ар бир карылар үйүнүн жашоочусуна даары каражаттарын жана 100 миң сомдон берилди. Ошондой эле эң чоң белек бул телевизор жана 8 орундуу авто унаа болду.

Карылар үйүнүн жашоочулары Кадыровго ыраазылыктарын билдиришти.

Эске салсак, буга чейин Ассоль Молдакматова карылар үйүндөгү чечен улутундагы карыядан интервью алып, аны социалдык тармактарга жарыялаган соң,  Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров ал карыяны өлкөсүнө алдырып, Молдакматовага бриллиант белек кылган.

 

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *