Коронавирус менен ооруганын айтып кайрылуу кылган милиционер каза болду

Бишкек, 29.06.2020 Sokol.media

Бир нече күн мурун милиция кызматкери коронавирус менен ооруп жатканын, ал абдан опурталдуу илдет экенин айтып кыргызстандыктарга кайрылган видео тараган.

Ал Бишкекте Ленин РИИБнин КМКнын милициянын улук лейтенанты Бердибай Элакунов экени аныкталды. Бул тууралуу koom.press сайты жазды.

Белгилүү болгондой, ал бүгүн коронавирустан улам каза болду.

Маалыматка ылайык ал Улуттук ооруканада дарыланып жаткан.

“Ага коронавирус жугуп калган, өтүшүп кеткендиктен каза болду”,- деп билдиришти кесиптештери. Б.Элакунов болгону 36 гана жашта болгон.

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *