“Маалыматты манипуляциялоо тууралуу” мыйзам долбооруна каршы уюштурулган акциянын катышуучулары «Эркиндик» сейил багына топтолушту. Алар «Гүлшат, мандатты тапшыр!», «Фейк депутат» деген жазууларды көтөрүп турушат. Ошондой эле «Баш кесмек бар, тил кесмей жок», «Эркин сөз — эркин эл», «Гүлшат — фейк депутат, мандат тапшыр!», «Кворум жок — мыйзам жок», «Элге каршы мыйзам жок!» деген ураан чакырышууда.
Алар аталган сейил бактан тартып парламент имаратынын алдына чейин жөө жүрүш уюштурууну көздөп жатышат.
Башкы максат — президентти мыйзамга кол койбоого чакыруу.